# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июну № 265-б (К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин түзүлгөн күнүнүн 75 жылдыгына байланыштуу юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июну № 265-б (К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин түзүлгөн күнүнүн 75 жылдыгына байланыштуу юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 265-р
- Кабыл алынган күнү: 06.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207246>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7618/edition/1178172/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207246.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июну № 265-б (К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин түзүлгөн күнүнүн 75 жылдыгына байланыштуу юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207246

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 6-июну № 265-б

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин түзүлгөн күнүнүн 75 жылдыгына байланыштуу юбилейлик иш-чараларды өткөрүү үчүн:

1. Төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:

Ибраимова Э.С. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Ногоев А.И. - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри; Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри; Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри; Сыдыков Б.С. - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин ректору; Ногойбаев М.Д. - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин проректору.

2. Уюштуруу комитети К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин түзүлгөн күнүнүн 75 жылдык юбилейине байланыштуу иш-чараларды 2008-жылдын июнунда өткөрүүгө даярдоо боюнча планды иштеп чыксын.

3. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды университеттин атайын каражаттарынын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен карасын.

4. Уюштуруу комитетинин иш-аракетин методикалык, уюштуруу жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
