Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 6-июну № 262-б Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн:
1. Өкмөттүк делегация 2008-жылдын 9-15-июнунда Дүйшөмбү шаарына (Тажикстан Республикасы) тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Делегация мүчөлөрүнүн барышына байланыштуу чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чегараны делимитациялоого жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын жана "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык белгиленген тартипте жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-июнундагы № 262-б буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын
ортосунда мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана
демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу
үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын
КУРАМЫ
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; Жунушалиев Т.Э. - Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти; Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору; Миңбаев А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи секретары; Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; Мадалиев А.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; Бүргөев Б.Б. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; Юсупов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; Шабданбеков Т.К. - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын улук офицери; Осипов С.В. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик комитетинин бажы күзөтү башкармалыгынын башкы инспектору; Бөрүбаев Н.Н. - кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен облустук зоналык борборунун директору; Ботобаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк регион боюнча мамлекеттик чегараны делимитациялоо бөлүмүнүн начальниги; Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия кызматынын мамлекеттик чегараны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси; Жалилов А.Ж. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Лейлек райондук башкармалыгынын начальниги; Бегматаев А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Чоң-Алай райондук башкармалыгынын начальниги; Эргешов А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр
М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндөПостановление · 12.10.2001 · № 635 · Күчүн жоготкон