# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 256 (Жер участогун "Кока-Кола Бишкек Ботлерс" жабык акционердик коомуна белгиленген тартипте өткөргө уруксат берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 256 (Жер участогун "Кока-Кола Бишкек Ботлерс" жабык акционердик коомуна белгиленген тартипте өткөргө уруксат берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 256-р
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.10.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207240>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7612/edition/520268/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207240.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.10.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 256 (Жер участогун "Кока-Кола Бишкек Ботлерс" жабык акционердик коомуна белгиленген тартипте өткөргө уруксат берүү боюнча) буйругу (18.10.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207240

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 140-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 2-июну № 256 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-1, 233-5, 233-6-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 8 жана 32-статьяларына ылайык, мамлекеттик менчикте турган жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү, 234 дареги боюнча жайгашкан аянты 3,0 га жер участогун "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүн өлчөмүн белгилөө максатында коэффициентти бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 260 токтомунда каралган коэффициентти колдонуу менен ижара шартында 25 жылдык мөөнөткө "Кока-Кола Бишкек Ботлерс" жабык акционердик коомуна белгиленген тартипте өткөрүүгө уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен ижара келишиминин долбоорун макулдашсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ижарага берилүүчү жер участогунун бөлүгүн жер участокко болгон укукту ырастоочу документтерди кийин тариздөө жана мамлекеттик каттоо менен кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдигине белгиленген тартипте бөлүп чыгарсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
