Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Жер участогун «Кока-Кола Бишкек Ботлерс» жабык акционердик коомуна белгиленген тартипте өткөргө уруксат берүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 18 октября 2010 года № 140-р (О признании утратившим силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики от 2 июня 2008 года № 256-р)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-10-18.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 140-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 2-июну № 256 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 233-1, 233-5, 233-6-статьяларына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4, 8 жана 32-статьяларына ылайык, мамлекеттик менчикте турган жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке Бишкек шаары, Л.Толстой көчөсү, 234 дареги боюнча жайгашкан аянты 3,0 га жер участогун "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүн өлчөмүн белгилөө максатында коэффициентти бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 260 токтомунда каралган коэффициентти колдонуу менен ижара шартында 25 жылдык мөөнөткө "Кока-Кола Бишкек Ботлерс" жабык акционердик коомуна белгиленген тартипте өткөрүүгө уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен ижара келишиминин долбоорун макулдашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ижарага берилүүчү жер участогунун бөлүгүн жер участокко болгон укукту ырастоочу документтерди кийин тариздөө жана мамлекеттик каттоо менен кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдигине белгиленген тартипте бөлүп чыгарсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги №260 "Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалангандык үчүн чет өлкөлүк адамдарга ижаралык төлөмдүн…Постановление · 12.04.2006 · № 260
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 140-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 256-б буйругу күчүн жоготуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.10.2010 · № 140-р
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15