# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-майындагы № 252-б (Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүүсү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-майындагы № 252-б (Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүүсү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 252-р
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7610/edition/529607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-майындагы № 252-б (Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүүсү тууралуу) буйругу (20.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207238

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-сентябрындагы № 461-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 29-майы № 252-б Бишкек шаарында 2008-жылдын 29-30-майында боло турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын экинчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн:

1. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын Финансы министри, комиссиянын төрагасы; Тургунбаева Асел Абдыракмановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы; Абдыбалы тегин Сүйөркул - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Бөкенбаев Кулубек Жоомартович - Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борборунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Жумалиев Мухтар Кабылбекович - Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; Ибраимов Эрмек Султанович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Ибраимова Чинара Искендеровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги; Калман уулу Каныбек - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жарнама-маалыматтык камсыз кылуу жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын начальниги; Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары; Кулматов Кубанычбек Кеңешевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары; Мамашов Турусбек Чукуевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Мамытов Марат Абдыбарович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин энергетика жана газ башкармалыгынын начальниги; Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары; Ормонбекова Ардакбүбү Ормонбековна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын Аткаруу кеңешинин мүчөсү; Юсупова Асел Байышевна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү департаментинин атташеси.

2. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын кыргыз бөлүгү өз ишмердигинде "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобону жетекчиликке ала тургандыгы белгиленсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
