Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүүсү тууралуу) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 20 сентября 2012 года № 461-р (Об утверждении кыргызской части Комиссии)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-09-20.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-сентябрындагы № 461-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 29-майы № 252-б Бишкек шаарында 2008-жылдын 29-30-майында боло турган Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын экинчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Калимбетова Тажикан Борбугуловна - Кыргыз Республикасынын Финансы министри, комиссиянын төрагасы; Тургунбаева Асел Абдыракмановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы; Абдыбалы тегин Сүйөркул - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Бөкенбаев Кулубек Жоомартович - Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорду өнүктүрүүнүн улуттук борборунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Жумалиев Мухтар Кабылбекович - Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси; Ибраимов Эрмек Султанович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Ибраимова Чинара Искендеровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги; Калман уулу Каныбек - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жарнама-маалыматтык камсыз кылуу жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын начальниги; Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары; Кулматов Кубанычбек Кеңешевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары; Мамашов Турусбек Чукуевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Мамытов Марат Абдыбарович - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин энергетика жана газ башкармалыгынын начальниги; Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары; Ормонбекова Ардакбүбү Ормонбековна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич - Кыргыз Республикасынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматынын Аткаруу кеңешинин мүчөсү; Юсупова Асел Байышевна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү департаментинин атташеси.
2. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын кыргыз бөлүгү өз ишмердигинде "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобону жетекчиликке ала тургандыгы белгиленсин.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-сентябры № 461-б (Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 20.09.2012 · № 461-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык…Постановление · 20.03.2008 · № 95 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-сентябры № 461-б (Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 20.09.2012 · № 461-р · Күчүн жоготкон