# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-майындагы № 235-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын иштеши үчүн шарт түзүү жана мамлекеттик администрациялык имараттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-майындагы № 235-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын иштеши үчүн шарт түзүү жана мамлекеттик администрациялык имараттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 235-р
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207229>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7601/edition/510070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207229.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-майындагы № 235-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын иштеши үчүн шарт түзүү жана мамлекеттик администрациялык имараттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча) буйругу (21.05.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207229

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 21-майы № 235-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 131 "Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке келтирүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын иштеши үчүн шарт түзүү жана мамлекеттик администрациялык имараттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 2/1 дарегинде жайгашкан администрациялык имараттын түндүк бөлүгүнүн ("Б" блок) үчүнчү кабатындагы жайлардан башка биринчи-бешинчи кабаттагы жайларын, ошондой эле жертөлө жайларын бошотсун.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясын ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бошотулуп жаткан жайларга түндүк бөлүгүнүн ("Б" блок) үчүнчү кабатындагы жайларды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине калтыруу менен жайгаштырсын;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин структуралык подразделениелерин Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 182 дарегиндеги администрациялык имаратка жайгаштырсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
