Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын топографиялык-жер жайгаштыруу топторунун кезектеги жолугушуусуна катышуу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 20-майы № 231-б Кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын топографиялык-жер жайгаштыруу топторунун кезектеги жолугушуусуна катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 2008-жылдын 22-26-майында Фергана шаарына (Өзбекстан Республикасы) тиркемеге ылайык курамда жиберилсин.
2. Делегация мүчөлөрүнүн барышына байланыштуу чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чегараны делимитациялоого жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын жана "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы токтомуна ылайык белгиленген тартипте жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-майындагы № 231-б буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын
КУРАМЫ
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти; Курбанов Ж.К. - Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Мадалиев А.М. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; Юсупов Б.Ю. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи секретары; Түнгатаров Б. - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин биринчи секретары; Шабданбеков Т.К. - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын улук офицери; Осипов С.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажы күзөтү башкармалыгынын сектор башчысы; Сүйөркулов З.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; Бөрүбаев Н.Н. - Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен облустук зоналык борборунун директору; Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия кызматынын бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; Ботобаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбоорлоо институтунун түштүк регион боюнча мамлекеттик чегараны делимитациялоо бөлүмүнүн начальниги; Мырзаев А.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Алабука райондук башкармалыгынын начальниги; Боронбеков З.Б. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аксы райондук башкармалыгынын начальниги; Эргешов А.Э. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук башкармалыгынын начальниги; Сиддиков Д.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Кадамжай райондук башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндөПостановление · 12.10.2001 · № 635 · Күчүн жоготкон