# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы № 200-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы № 200-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 200-р
- Кабыл алынган күнү: 13.05.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7581/edition/517121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-майындагы № 200-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругу (30.12.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207209

---

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 703-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 13-майы № 200-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 10-декабрындагы № 525-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- аталган буйрук менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча комиссиянын курамында:

Комиссиянын курамынан А.К.Аалиев чыгарылсын; Комиссиянын курамына Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары А.А.Мокенов киргизилсин;

А.А.Мунжуровдун кызмат орду төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын мамлекеттик органдардагы экономикалык укук бузуулар, кыянаттык менен пайдалануулар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги";

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Комиссиянын негизги курамынын тиешелүү мүчөлөрү себептүү жок болуп калган учурда аларды алмаштыруучу Комиссия мүчөлөрүнүн кошумча курамында:

Комиссия мүчөлөрүнүн кошумча курамынан С.Т.Муканбетов, М.С.Усебаев, А.К.Жанузаков чыгарылсын; Комиссия мүчөлөрүнүн кошумча курамына Комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын начальниги Т.С.Туташев; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын салык жана финансы органдарындагы салыктык жана финансылык укук бузуулар, кыянаттык менен пайдалануулар жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги Т.Б.Мамиров; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармалыгынын төлөмдөрдү эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги Б.К.Осмонкулов киргизилсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
