# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 174-б (Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 174-б (Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 174-р
- Кабыл алынган күнү: 29.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7570/edition/509659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 174-б (Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо тууралуу) буйругу (29.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207198

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 29-апрели № 174-б Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар илимий-изилдөө институтуна белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- кызматтык автомашиналарды тиркемеге ылайык эсептен чыгарууга;

- 2008-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык бир кызматтык автомашина сатып алууга.

2. Эсептен чыгарылган автотранспорттун жарактуу түйүндөрү жана агрегаттары кампага кириштелсин жана автотранспортту эксплуатациялоодо пайдаланылсын, ал эми калган бөлүктөрү металл сыныктарына тапшырылсын.

3. Металл сыныктарын тапшыруудан түшкөн акча каражаты республикалык бюджеттин кирешесине которулсун.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 174-б буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра

иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Арстанбек

Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария

жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун эсептен

чыгарылууга тийиш болгон автотранспорт каражаттарынын

ТИЗМЕСИ

| № | Транс- порт- тун тиби | Транс- порт- тун мар- касы | Мам. номери | Чы- uf рыл ган жыл | Кый- мыл- даткыч номери | Шасси- номери | Тех. пас порт- тун номе- ри | Жүрү- шү (км) | Бал- анс- тык наркы (сом) | Амо- рти- за- ция- лык эски риши |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
| 1 | Авто- бус | ПАЗ- 672 М | 216 SC | 1988 | 162188 | 8800127 | ВИ 286334 | 365780 | 22000 | 100% |
| 2 | Жеңил | ВАЗ- 21011 | 1402 SA | 1978 | 3237806 | 2789383 | АВ 264958 | 320070 | 106800 | 100% |
| 3 | Жүк ташуу- чу | ГЗСА- 950 | 4313 ВА | 1991 | 270916 | 1289240 | ВА 296452 | 232247 | 9800 | 100% |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри

М.Исмаилов
