Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 15 января 2009 года № 11-р (О внесении изменений в нормативные правовые акты)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-01-15.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 16-апрели № 142-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 383-б буйругунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:
Курманов З.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүштөр, мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Абышев К.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Гутниченко Л.В. - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча); Демин С.Н. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук саясат бөлүмүнүн укуктук талдоо жана экспертизалар секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); Исаев Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн укуктук талдоо жана экспертизалар секторунун башчысы; Исаев Н.Р. - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруучулук камсыздоо жана эл аралык байланыштар башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча); Мамидинова Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иш-аракеттерин координациялоо боюнча борборунун директору; Молдогазиев А.Б. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору; Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Сыдыкова Л.Ч. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана сот-укуктук реформалар боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Турдумалиева Д.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук жактан колдоо башкармалыгынын начальниги; Шаилдаев Д.К. - Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчынын) эксперттик-укуктук иштер жана эл аралык конвенцияларды имплементациялоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).
2. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисине зарыл учурда белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2008-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ведомстволор аралык жумушчу топтун иштерин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо тапшырылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-июлундагы № 383-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 142-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 22.07.2008 · № 383-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б (Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 15.01.2009 · № 11-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 34 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б (Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 15.01.2009 · № 11-р · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241