# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 139-б (Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин 2008-жылдын 23-апрелинде Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу 39-заседаниесине катышуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 139-б (Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин 2008-жылдын 23-апрелинде Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу 39-заседаниесине катышуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 139-р
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7552/edition/509255/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 139-б (Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин 2008-жылдын 23-апрелинде Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу 39-заседаниесине катышуу жөнүндө) буйругу (16.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207180

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 16-апрели № 139-б Евразиялык экономикалык шериктештиктин Интеграциялык комитетинин 2008-жылдын 23-апрелинде Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу 39-заседаниесине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Узакбаев Эмил - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси; Усупов Үсөн Макаевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ЕврАзЭС маселелери боюнча кеңешчиси; Кулматов Кубанычбек Кеңешевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары; Тотуяев Уланбек Асанкулович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык укуктук департаментинин атташеси.

2. Делегация мүчөлөрүнүн көрсөтүлгөн заседаниеге катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдарды белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
