Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө) буйругу Өкмөтүнүн
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 14-апрели № 135-б "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 24-ноябрындагы № 187 Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу комиссия түзүлсүн:
Мокенов А.А. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары, жумушчу комиссиянын төрагасы; Абдрасилов Г.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары.
Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Эсеналиев Т.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун башчысы; Ишалина Д.Я. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармалыгынын начальниги; Асылкулов И.Э. - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин кыйыр салыктарды администрациялоо жана төлөмдөрдү кайтаруу башкармалыгынын акциздик салыктарды контролдоо бөлүмүнүн начальниги; Бекешев Д.Д. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси; Жолдошбаев А.Г. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармалыгынын башкы инспектору; Асылбеков Т.Р. - Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Гринько Н.А. - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасынын өкүлү (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу комиссия үч айлык мөөнөттө Контролдук (латенттик) маркаларды алуу, сактоо, контролдоо жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобонун жана контролдук (латенттик) маркалар менен милдеттүү маркаланууга тийиш товарлардын тизмесинин долбоорлорун, ошондой эле контролдук (латенттик) маркалар менен товарларды маркалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндөЗакон · 24.11.2006 · № 187 · Күчүн жоготкон