# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 133-б (Улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу, маалыматтык ресурстарды уруксат берилбеген алуудан коргоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиомониторинг системасын түзүү максатындагы) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 133-б (Улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу, маалыматтык ресурстарды уруксат берилбеген алуудан коргоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиомониторинг системасын түзүү максатындагы) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 133-р
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207177>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7549/edition/509249/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207177.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 133-б (Улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу, маалыматтык ресурстарды уруксат берилбеген алуудан коргоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиомониторинг системасын түзүү максатындагы) буйругу (11.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207177

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 11-апрели № 133-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 13-июлундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу, маалыматтык ресурстарды уруксат берилбеген алуудан коргоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиомониторинг системасын түзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине 3 G "WСDМА/UMTS" стандартында радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна сынамык конкурстун жеңүүчүсү которуучу 40,0 млн. сомду радиомониторингдин мамлекеттик системасын колдоо үчүн кириштөө максатында атайын эсеп ачууга уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында Улуттук коопсуздук концепциясын камсыздоонун максаттарына жана милдеттерине ылайык натыйжалуу жана сарамжалдуу чыгымдоону камсыздоо сунушталсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
