Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу, маалыматтык ресурстарды уруксат берилбеген алуудан коргоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиомониторинг системасын түзүү максатындагы) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 11-апрели № 133-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 13-июлундагы № 221 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясын ишке ашыруу, маалыматтык ресурстарды уруксат берилбеген алуудан коргоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында радиомониторинг системасын түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине 3 G "WСDМА/UMTS" стандартында радиожыштык спектринин тилкелерин пайдалануу укугуна сынамык конкурстун жеңүүчүсү которуучу 40,0 млн. сомду радиомониторингдин мамлекеттик системасын колдоо үчүн кириштөө максатында атайын эсеп ачууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында Улуттук коопсуздук концепциясын камсыздоонун максаттарына жана милдеттерине ылайык натыйжалуу жана сарамжалдуу чыгымдоону камсыздоо сунушталсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Концепция национальной безопасности Кыргызской Республики ( Утверждена Указом Президента КР от 13 июля 2001 года №221)Концепция · 13.07.2001 · № 221