# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 130-б (Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-казакстан биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 130-б (Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-казакстан биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 130-р
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207174>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7546/edition/508880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207174.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 130-б (Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-казакстан биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү жөнүндө) буйругу (11.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207174

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 11-апрели № 130-б Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-казакстан биргелешкен комиссиянын Астана шаарында (Казакстан Республикасы) 2008-жылдын 16-17-апрелинде боло турган жетинчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн:

1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-казакстан биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Балкибеков Сапарбек Эсенович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри, комиссиянын төрагасы; Люлина Светлана Ивановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын региондук кызматташтык бөлүмүнүн начальниги, комиссиянын катчысы; Айталиев Анаркул Максүтович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдардын мониторинги, алдын алуу жана калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментинин директору; Айтикеев Саламат Кутчуевич - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); Асанбаев Алмазбек Жолчуевич - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин статскатчысынын милдетин аткаруучу; Бешимов Аскар Жолчубекович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Давыдов Ильяс Абдуллович - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Дурусалиев Мурат Жуманалиевич - "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча); Жусупов Кубанычбек Калыгулович - "КырКазГаз" биргелешкен ишканасынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Иманалиев Алмаз Мамыркулович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; Кадыркулов Мукай Асанович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын кеңешчиси; Касымалиев Мукамбет Шадыканович - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары; Кошматов Баратали Туранович - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин директору; Кулматов Кубанычбек Кеңешевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары; Мамашов Турусбек Чукуевич - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Мамбетов Базарбай Эстебесович - Кыргыз Республикасынын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Махаммадов Ахмаджан Махаммадович - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары; Момуналиев Уланбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы соода өкүлү; Нишанов Жалалидин - "Кыргыз Петролиум Компани" жабык акционердик коомунун администрациялык директору (макулдашуу боюнча); Өмүркулова Айдай Муктарбековна - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин экинчи секретары; Орозалиев Руслан Султанович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин инновациялык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы; Рысмендиев Асан Алмазович - "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары; Рустенбеков Жаныш Султанкулович - Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси; Сыдыкова Гулмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти; Токторбаев Нурлан Эсенжанович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин жардамчысы; Эсеналиев Алмаз Шукурбекович - Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси.

2. Делегация мүчөлөрүнүн Астана шаарына барышына байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык төлөнсүн.

3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-апрелиндеги № 91-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
