# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-мартындагы № 114-б (Өкмөттүк делегациясын бекитүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-мартындагы № 114-б (Өкмөттүк делегациясын бекитүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 114-р
- Кабыл алынган күнү: 31.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7541/edition/511345/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-мартындагы № 114-б (Өкмөттүк делегациясын бекитүү жөнүндө) буйругу (31.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207169

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 31-марты № 114-б 2008-жылдын 3-5-апрелинде Россия Федерациясынын Москва шаарында болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги заседаниесине катышуу үчүн:

1. Төмөнкүдөй курамда Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы бекитилсин:

Узакбаев Эмилбек Узакбаевич - КМШнын жана ЕврАзЭСтин алкагында интеграциялык кызматташтык маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү жана КМШнын Экономикалык кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын өкүлү, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча); Ибраимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын толук ыйгарым укуктуу өкүлү; Аманова Сапия Жунаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти; Рец Татьяна Борисовна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын начальниги; Ниязбеков Темир Карыпбаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы, Сыдыков Данияр Батырович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси.

2. Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясынын КМШнын Экономикалык кеңешинин заседаниесине катышуусуна байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" токтомуна ылайык төлөнсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
