Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Акысыз аскердик жардам бөлүп берүү жөнүндө Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн чечимин ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2007-жылдын 12-апрели № 80-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-мартындагы № 101-б буйругунун редакциясына ылайык)
Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2001-жылдын 4 жана 5-декабрындагы № 542/01 жана 011-22/1623 ноталарын алмашуу жолу менен түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 14-декабрындагы № 110 Мыйзамы менен ратификацияланган, АКШнын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашуу менен каралган Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Түштүк региондук башкармалыгынын объекттерин куруу жана оңдоо үчүн АКШнын Борбордук командачылыгынын бюджетинен 2134879 (эки миллион бир жүз отуз төрт миң сегиз жүз жетимиш тогуз) АКШ доллары суммасына акысыз аскердик жардам бөлүп берүү жөнүндө Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн чечимин ишке ашырууну камсыздоо максатында: (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-мартындагы № 101-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Америка Кошмо Штаттарынын акысыз берилген аскердик жардамынын каражаттарына Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын Түштүк региондук башкармалыгынын объекттеринин дарегине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө жогоруда аталган Макулдашууда аныкталган салык салуу тартиби колдонулаары белгиленсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- О ратификации ответной ноты Министерства иностранных дел Кыргызской Республики на ноту Посольства Соединенных Штатов Америки от 4 декабря 2001 года № 542, образующих вместе…Закон · 14.12.2001 · № 110
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.