# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10 мартындагы № 83-б (Соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укугуна ишеним кат берүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10 мартындагы № 83-б (Соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укугуна ишеним кат берүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 83-р
- Кабыл алынган күнү: 10.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7518/edition/507402/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10 мартындагы № 83-б (Соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укугуна ишеним кат берүү жөнүндө) буйругу (10.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207146

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 10 марты № 83-б Жаран Исабеков Кубанычбек Сатиндиевичтин Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы № 835 «Кумтөр» долбоорун реструктуралоо жөнүндө» токтомун жараксыз деп табуу тууралуу берген доомат арызынын негизинде: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси Зубков Владимир Петровичке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнүн эксперти Арабаев Манас Матаевичке аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укугуна ишеним кат берилсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
