# КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 421-б (Мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 421-б (Мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 421-р
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207144>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7516/edition/507407/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207144.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 421-б (Мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө) буйругу (07.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207144

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2007-жылдын 23-октябры № 421-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы № 81-б буйругунун редакциясына ылайык)

Мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин балансына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:

- Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имараттын үчүнчү жана төртүнчү кабаттары, биринчи кабаттагы жайлар (ашкана, вестибюль, чарбалык кошумча курулуш) жана анын жанындагы аймак;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтуна таандык Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан аймактын түндүк тарабындагы жалпы аянты 1500 (бир мин беш жүз) квадрат метр болгон курулуш материалдарды жыюу үчүн участок.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы № 81-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча Кыргыз илим-изилдөө жана долбоордук институту жана Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жайларды кабыл алуу-өткөрүүнү камсыздасын;

- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматын жайгаштыруу үчүн тиешелүү имарат же жай издеп тапсын;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик имараттарды пайдалануу боюнча топтомо реестрине өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-августундагы № 477-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
