Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2007-жылдын 23-октябры № 421-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы № 81-б буйругунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик башкаруу органдарынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигин кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин балансына төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имараттын үчүнчү жана төртүнчү кабаттары, биринчи кабаттагы жайлар (ашкана, вестибюль, чарбалык кошумча курулуш) жана анын жанындагы аймак;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча кыргыз илимий-изилдөө институтуна таандык Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, 2 дареги боюнча жайгашкан аймактын түндүк тарабындагы жалпы аянты 1500 (бир мин беш жүз) квадрат метр болгон курулуш материалдарды жыюу үчүн участок.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-мартындагы № 81-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча Кыргыз илим-изилдөө жана долбоордук институту жана Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган жайларды кабыл алуу-өткөрүүнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Чегара кызматын жайгаштыруу үчүн тиешелүү имарат же жай издеп тапсын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын мамлекеттик имараттарды пайдалануу боюнча топтомо реестрине өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-августундагы № 477-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 26-августундагы № 477 (Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча илимий-изилдөө институтунун имаратынын үчүнчү жана төртүнчү…Распоряжение · 26.08.2006 · № 477
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 20 июля 2000 года № 429 "Об утверждении Сводного реестра по использованию административных зданий органами государственного управления…Постановление · 20.07.2000 · № 429 · Күчүн жоготкон