Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен заседаниеси жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 29-январы № 65-б
1. Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-15-мартында мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен заседаниеси өткөрүлсүн.
2. Аталган жолугушууга катышуу үчүн тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы бекитилсин.
3. Аталган заседаниени өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чегараны делимитациялоого жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
4. Аталган жолугушууга Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегация мүчөлөрүнүн баруусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-октябрындагы № 635 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-февралындагы № 65-б буйругуна тиркеме
Мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана
демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы
менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк
делегацияларынын биргелешкен заседаниесине
катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөттүк
делегациясынын
КУРАМЫ
Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси; Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору; Мамыров Э.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары; Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти; Абдрахманов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн референти; Мадалиев А.А. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; Юсупов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк регион боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү; Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи секретары; Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын бөлүм начальниги; Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын жетектөөчү адиси; Бөрүбаев Н.Н. - Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткен облустук зоналык борборунун директору; Ботобаев К.К. - "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги; Бегматаев А.А. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Чоңалай райондук башкармалыгынын начальниги; Жалилов А.Ж. - Жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Лейлек райондук башкармалыгынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри
М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндөПостановление · 12.10.2001 · № 635 · Күчүн жоготкон