# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 59-б (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 59-б (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 59-р
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7502/edition/1177898/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 59-б (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207130

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 21-февралы № 59-б "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын он биринчи бөлүгүн жана 14-статьясынын экинчи бөлүгүн ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо максатында:

1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн:

Орузбаев К.К. - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; Аканов М.С. - Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын финансы-экономикалык башкармалыгынын начальниги; Жолдошбаев Т.О. - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин финансы башкармалыгынын уюштуруу-укуктук бөлүмүнүн начальниги; Жекшеналиев Н.О. - Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын финансы-эсепке алуу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); Касымов Т.К. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин оорук башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Изибаев Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин финансы башкармалыгынын пландоо-экономикалык бөлүмчөсүнүн начальниги; Кожобергенов Н.Р. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргоону, укук коргоо органдарын жана мобилизациялык даярдыкты каржылоо бөлүмүнүн башчысы; Скатневский Ю.М. - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлерин жетектөөнү камсыздоо башкармалыгынын начальниги; Төрөбеков Ж.Т. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жеке курам менен иштөө боюнча бөлүмүнүн начальниги; Шпаковский В.В. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын финансы бөлүмүнүн башкы бухгалтери (макулдашуу боюнча).

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын он биринчи бөлүгүн жана 14-статьясынын экинчи бөлүгүн ишке ашырууну камсыз кылууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчик жана коомдук уюмдарга зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда ведомстволор аралык жумушчу топко көмөк көрсөтүү сунушталсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
