# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-февралындагы № 38-б "Брюссель шаарында (Бельгия) 2008-жылдын 12-февралында болуучу Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Кызматташтык боюнча комитеттин сегизинчи заседаниесинин ишине катышуу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-февралындагы № 38-б "Брюссель шаарында (Бельгия) 2008-жылдын 12-февралында болуучу Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Кызматташтык боюнча комитеттин сегизинчи заседаниесинин ишине катышуу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 38-б
- Кабыл алынган күнү: 09.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7490/edition/506120/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-февралындагы № 38-б "Брюссель шаарында (Бельгия) 2008-жылдын 12-февралында болуучу Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Кызматташтык боюнча комитеттин сегизинчи заседаниесинин ишине катышуу жөнүндө" буйругу (09.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207118

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 9-февралы № 38-б Брюссель шаарында (Бельгия) 2008-жылдын 12-февралында болуучу Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Кызматташтык боюнча комитеттин сегизинчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Дикамбаев А.Ш. - Европа союзунун комиссиясы менен кызматташтык боюнча улуттук координатор, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, делегациянын башчысы (макулдашуу боюнча); Ибраимов Э.С. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын адилет министринин орун басары; Исаков Э.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары.

2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Брюссель шаарына баруусу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-декабрындагы № 635 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
