Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Брюссель шаарында (Бельгия) 2008-жылдын 12-февралында болуучу Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Кызматташтык боюнча комитеттин сегизинчи заседаниесинин ишине катышуу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 9-февралы № 38-б Брюссель шаарында (Бельгия) 2008-жылдын 12-февралында болуучу Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы Кызматташтык боюнча комитеттин сегизинчи заседаниесинин ишине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Дикамбаев А.Ш. - Европа союзунун комиссиясы менен кызматташтык боюнча улуттук координатор, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, делегациянын башчысы (макулдашуу боюнча); Ибраимов Э.С. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын адилет министринин орун басары; Исаков Э.А. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары; Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин орун басары.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Брюссель шаарына баруусу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу "Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-декабрындагы № 635 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Командировкалык чыгымдардын нормаларын жана аларды кайтаруу тартибин белгилөө жөнүндөПостановление · 12.10.2001 · № 635 · Күчүн жоготкон