# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 28-б "Маданият мекемелерине жана уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 28-б "Маданият мекемелерине жана уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 28-р
- Кабыл алынган күнү: 29.01.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.01.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7486/edition/506128/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.01.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 28-б "Маданият мекемелерине жана уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө" буйругу (29.01.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207114

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 29-январы № 28-б Маданият мекемелерине жана уюмдарына материалдык-техникалык жардам көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине атайын каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы, Улуттук китеп палатасы жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры үчүн бирден автомобиль транспортун сатып алууга уруксат берилсин.

2. Автомобиль транспортун сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
