# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-октябрындагы № 560-б (Кыргыз-иран өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү бекитилүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-октябрындагы № 560-б (Кыргыз-иран өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү бекитилүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 560-р
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7467/edition/531526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207095.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-октябрындагы № 560-б (Кыргыз-иран өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү бекитилүү боюнча) буйругу (05.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207095

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлу № 323-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 28-октябры № 560-б Бишкек шаарында 2008-жылдын 30-октябрынан 3-ноябрына чейин болуучу кыргыз-иран өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын тогузунчу отурумунун ишине катышуу үчүн:

1. Кыргыз-иран өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Жапаров Акылбек Усенбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; Муканбетов Санжар Турдукожоевич - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын орун басары; Тургунбаева Асел Абдыракмановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык енүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы; Асанова Гүлбарчын Пармановна - Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары; Апасова Римма Тунгучбаевна - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасынын тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча); Беков Төрөгул Ниязович - Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору (макулдашуу боюнча); Бектеналиев Мукталы Абдыбеков - Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин статс-катчысы; Бейшеналиев Замирбек Эшенкулович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин экинчи катчысы; Ибраимова Чинара Искендеровна - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин интеграциялык бирикмелер жана тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги; Кадыров Радмил Жаныбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн референти; Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Конокбаев Самат Сурабалдиевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү (макулдашуу боюнча); Касиев Геннадий Фаридович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин курулуш комплекс бөлүмүнүн начальниги; Кулманбетов Самат Сурабалдиевич - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын начальниги; Курбанов Жаныш Курбанович - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары; Мураталиев Байымбет Молдалиевич - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жанакайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары; Молдокадыров Айбек Асыранкулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Маматов Кеңеш Маматович - Ош шаарынын мэриясынын өнөржай, тышкы экономикалык ишмердик жана ишкерликти өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; Сарбанов Советбек Талгарбекович - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана инновациялык технологиялар департаментинин начальниги; Турусбеков Бактыбек Сагындыкович - Бишкек шаарынын мэриясынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; Таиров Мелис Кадырович - Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын Тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы; Чоткараев Чолпонкул Котошович - Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын экономикалык өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы; Шеримкулов Медеткан Шеримкулович - Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

2. Кыргыз-иран өкмөттөр аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгү өзүнүн ишмердигинде "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобону жетекчиликке алаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 14-августундагы № 445-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

Премьер-министр

И.Чудинов
