# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 556-б (Автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 556-б (Автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 556-р
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207091>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7463/edition/511468/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207091.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 556-б (Автотранспорт каражаттарын сатып алуу боюнча) буйругу (23.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207091

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 23-октябры № 556-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясатын жүргүзүүдөгү анын координациялоочу ролун күчөтүү жөнүндө" Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматтык автотранспорт каражаттарын этап менен жаңылоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте белгиленген лимиттин чегинде тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууга уруксат берилсин.

2. Автотранспорт каражаттарын сатып алуу, ошондой эле автотранспорт каражаттарын ташуу жана тариздөө менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана анын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин консулдук жана башка кызматтарды көрсөтүүлөрүнөн түшкөн атайын каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-октябрындагы № 556-б буйругуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы,

Түркмөнстандагы элчиликтери жана Кыргыз Республикасынын

Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу үчүн

сатып алынуучу автотранспорт каражаттарынын

ТИЗМЕСИ

| № | Автотранспорттун маркасы | Чыккан жылы | Наркы (АКШ доллары менен) |
| --- | --- | --- | --- |
| 1 | 2 | 3 | 4 |
| Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы элчилиги |  |  |  |
| 1 | Тойота-Прадо | 2008-жыл | 45000 |
| Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы элчилиги |  |  |  |
| 1 | Тойота-Прадо | 2008-жыл | 45000 |
| Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу |  |  |  |
| 1 | Тойота-Прадо | 2008-жыл | 45000 |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
