# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 536-б (Кызматтык автомашина сатып алуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 536-б (Кызматтык автомашина сатып алуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 536-р
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7450/edition/511441/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 536-б (Кызматтык автомашина сатып алуу боюнча) буйругу (16.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207078

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 16-октябры № 536-б Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясына Ысык-Көл облусун социалдык өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен кызматтык үч автомашинаны белгиленген тартипте сатып алууга уруксат берилсин.

2. Кызматтык автомашиналарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык ишке ашырылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
