# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябры № 515-б (Автомашина алуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябры № 515-б (Автомашина алуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 515-р
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207060>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7432/edition/511423/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207060.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябры № 515-б (Автомашина алуу боюнча) буйругу (08.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207060

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 8-октябры № 515-б "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясынын автомобилдик паркынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, өнүктүрүү жана жаңылатуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:

- Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясы үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 4 бирдик санында "ВАЗ 21074" маркасындагы автомашина сатып алууга;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын балансындагы 4 автомашинаны Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарына өткөрүп берүүгө.

2. Автотранспорт каражаттарын сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
