Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Автомашина алуу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 8-октябры № 515-б "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясынын автомобилдик паркынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, өнүктүрүү жана жаңылатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясы үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 4 бирдик санында "ВАЗ 21074" маркасындагы автомашина сатып алууга;
- Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын балансындагы 4 автомашинаны Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарына өткөрүп берүүгө.
2. Автотранспорт каражаттарын сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-октябрындагы № 747 "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар…Постановление · 17.08.2004 · № 618 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон