# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 508-б (Академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 508-б (Академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 508-р
- Кабыл алынган күнү: 03.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7427/edition/1177798/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-октябрындагы № 508-б (Академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу уюштуруу комитети түзүлүшү боюнча) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207055

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 3-октябры № 508-б (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесинин редакциясына ылайык)

Академик Миррахимов Мирсаид Мирхамидовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына жана анын сөөгүн коюуну уюштурууга байланыштуу:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

2. Төмөнкүлөр аныкталсын:

- маркум менен коштошуу ырасымын өткөрүүчү күн - Кыргыз улуттук Ленин ордендүү А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 2008-жылдын 5-октябрында саат 10.00дө;

- сөөк коюучу жер - Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү.

3. КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык күчүн жоготту)

4. М.М.Миррахимовдун, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
