# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 501-б (Автомашина берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 501-б (Автомашина берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 501-р
- Кабыл алынган күнү: 02.10.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.10.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207049>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7421/edition/511092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207049.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.10.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы № 501-б (Автомашина берүү боюнча) буйругу (02.10.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207049

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 2-октябры № 501-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттердеги, Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорундагы жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги белгиленген тартипте:

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине караштуу Экономикалык стратегия борборунун балансына 2007-жылы чыккан, кузов № 31105070148312, кыймылдаткыч № 73017885 "ГАЗ-31105-100" маркасындагы автоунааны өткөрүп берсин; Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин аймактык органынын балансына 1999-жылы чыккан, кузов № JN1СА21D2ХТ153840, кыймылдаткыч № УО30976663, "Нисан-Максима" маркасындагы автоунааны өткөрүп берсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
