Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн («Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата сын-пикирлерди жана сунуштарды кароо боюнча жумушчу топ түзүлүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-11.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 2-октябры № 500-б (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылдын 13-июнунда кабыл алынган "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды кароо максатында:
1. "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата мамлекеттик бийлик органдарынан жана башка уюмдардан келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды кароо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Турсунбек Акун - Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы), жумушчу топтун төрагасы (макулдашуу боюнча).
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Масалиев И.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); Салянова А.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин статс-катчысы; Тарбинский О.С. - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча); Исаев Н.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн укуктук талдоо жана экспертизалар секторунун башчысы.
2. Жумушчу топ "Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды бир айлык мөөнөттө карасын жана кароонун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тиешелүү адистерин белгиленген тартипте өз ишине тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Жумушчу топтун иш-аракетин уюштуруучулук, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчы) Аппаратына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-январындагы № 11-б (Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 15.01.2009 · № 11-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- О праве граждан собираться мирно, без оружия, свободно проводить митинги и демонстрацииЗакон · 23.07.2002 · № 120 · Күчүн жоготкон
- Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митингдерди жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 05.08.2008 · № 192 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.