# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 496-б (Автомашина сатып алуу боюнча) буйргу.

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 496-б (Автомашина сатып алуу боюнча) буйргу.
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 496-р
- Кабыл алынган күнү: 29.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207046>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7418/edition/531683/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207046.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-сентябрындагы № 496-б (Автомашина сатып алуу боюнча) буйргу. (29.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207046

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 29-сентябры № 496-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик үчүн каралган каражаттардын эсебинен кызматтык максаттарга пайдаланууга белгиленген тартипте бир жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.

2. Автомашинаны сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде, администрациялык ведомстволорунда жана аткаруу бийлигинин башка органдарында кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараттын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
