# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 488-б (Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясы кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 488-б (Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясы кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 488
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7414/edition/1177992/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207042.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 488-б (Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясы кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилүү боюнча) буйругу (11.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207042

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 25-сентябры № 488-б "Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясын кабыл алгандыгынын 60 жылдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 29-майындагы № 187 Жарлыгына ылайык жана адам укуктарынын Жалпы Декларациясы кабыл алынгандыгынын юбилейин майрамдоонун маанисин эске алуу менен:

1. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясы кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - План) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчы) (макулдашуу боюнча) Пландын иш-чараларын аткаруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо жүктөлсүн.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- Пландын аткарылышын камсыздашсын;

- Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчы) ай сайын иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Планда каралган иш-чараларды бекитилген бюджеттин чектеринде каржылоону камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) менен бирдикте эл аралык уюмдар менен Планда каралган иш-чаралардын алар тарабынан каржыланышы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 488-б буйругу менен бекитилген

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясын кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ

| № | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу органы | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагы/ айрым статьялар боюнча - чыгымдардын суммасы миң сом менен |
| --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | ПРООН жана башка эл аралык уюмдар менен адам укуктарынын Жалпы Декларациясы кабыл алынгандыгынын 60 жылдыгы боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн финансылык жардам берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | ТИМ | 2008-жылдын август-сентябры |  |
| 2 | "Аялдарга жана жашы жетелектерге мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү | Юстиция министрлиги | 2008-жылдын августу | Учурдагы каржылоонун алкагында |
| 3 | Адам укуктарын коргоого арналган адабияттардын көргөзмөсүн өткөрүү | Маданият министрлиги, Улуттук китепкана | 2008-жылдын ноябры | Мекемелердин атайын каражаттары, гранттар |
| 4 | Адам укуктарын коргоонун жана анын абалынын проблемалары боюнча окумуштуулардын илимий иштеринин конкурсун өткөрүү | Билиммин, УИА, ЖОЖдор | 2008-жылдын декабры | Мекемелердин атайын каражаттары, грантгар |
| 5 | Балдардын каралбай калышы, балдардын эмгегин пайдалануу проблемалары, адамдын, аялдардын, үй-бүлөнүн ж.б. укуктары боюнча атайын фильм чыгаруу | МТРК, ЭлТР | 2008-жылдын сентябры | Учурдагы каржылоонун алкагында |
| 6 | Адам укуктарын коргоо проблемалары боюнча документалдык фильмдердин эл аралык фестивалын өткөрүү | КР Омбудсмени, коомдук уюмдар | 2008-жылдын октябрь-ноябры | 74800,00 |
| 7 | Адам укуктарын коргоо жагында Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү докладдарын БУУга берүү | ТИМ | Докладдады берүү графигине ылайык | Учурдагы каржылоонун алкагында |
| 8 | Адам укуктарын жана анын эркиндигин коргоо маселелери боюнча парламенттик угуулар | Жогорку Кеңеш | 2008-жылдын ноябры | Учурдагы каржылоонун алкагында |
| 9 | "Адам укуктары: реалдуулук жана келечектер" аттуу эл аралык конференцияны Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында уюштуруу жана өткөрүү | КР Президенти- нин Администрация- сы, КР Өкмөтү, Омбудсмен, эл аралык уюмдар | 2008-жылдын ноябры | Эл аралык уюмдардын эсебинен, КР Президен- тинин жана Өкмөтүнүн резервдик фонддорунун каражаттары |
| 10 | Адам укуктарынын Жалпы Декларациясынын тексти бар брошюраны кеңири жайылтуу үчүн чыгаруу | Маданият министрлиги, "Эркин Тоо" газетасы, Улуттук китеп палатасы | 2008-жылдын октябры | 100000,00 |
| 11 | "Конфессиянын диалогу - туруктуу коомго карай жол" эл аралык семинарын өткөрүү | Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет, СВМДА секретариаты | 2008-жылдын ноябры | 259500,00 |
| 12 | Адам укуктарынын Жалпы декларациясына арналган атайын студенттик илимий-практикалык конференция уюштуруу | Билиммин, Баласагын атындагы КУУ, КМЮА, ОшМЮИ, ОшМУ | 2008-жылдын ноябры | ЖОЖдордун атайын каражаттары |
| 13 | Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда Студенттердин укуктары боюнча ыйгарым укуктуу кызматтарды уюштуруу боюнча ишти уюштуруу | КР Омбудсмени, Билиммин, ЖОЖдор, коомдук уюмдар | 2008-жылдын сентябрь- декабры | 11000,00, ошондой эле эл аралык уюмдардын гранттары |
| 14 | "Терроризмге каршы күрөшүүдө мамлекеттин, коомдун жана бизнестин өнөктөш түзүү" аттуу региондук конференция өткөрүү | ТИМ, МУКК, ӨЭУ, эл аралык уюмдар | 2008-жылдын 5-ноябры | Эл аралык уюмдардын эсебинен |
| 15 | Адам укуктары боюнча диалог: Европа Союзу - Кыргыз Республикасы | ТИМ, КР Омбудсмени | 2008-жылдын ноябры | Эл аралык уюмдардын эсебинен |
| 16 | Европа Союзунун жана Кыргыз Республикасынын адам укуктары боюнча коомдук уюмдарынын семинары | ТИМ, Омбудсмен | 2008-жылдын 27-октябры | Эл аралык уюмдардын эсебинен |
| 17 | Адам укуктарын коргоо жагындагы тематика боюнча мектептик, студенттик иштердин, класстык сааттардын, лекциялардын конкурсун өткөрүү | Билиммин, ЖОЖдор, КР Омбудсменинин катышуусунда эл аралык уюмдар | 2008-жылдын декабрына чейин | Мекемелердин атайын каражаттары, гранттар |
| 18 | Адамдын жана жарандын укуктарын коргоо жагындагы тематика боюнча атайын адабиятты, колдонмолорду, усулдарды даярдоо жана чыгаруу | Билиммин, УИА, ЖОЖдор, эл аралык уюмдар | 2008-жылдын декабрына чейин | Эл аралык уюмдардын эсебинен |
| 19 | "Мен жана менин укуктарым" аттуу конкурсту балдар жана өспүрүмдөр арасында өткөрүү | Билиммин, облустук мамадминист- рациялар, эл аралык уюмдар | 2008-жылдын аягына чейин | Жергиликтүү мамадминис- трациялардын жана эл аралык уюмдардын бюджеттен тышкаркы фонддорунун эсебинен |
| 20 | Мектептик, студенттик жана илимий иштердин конкурсун жыйынтыктоо | Билиммин, КР Омбудсмени | 2008-жылдын ноябры | 20,0 |
| 21 | Адам укуктарын коргоо маселесине арналган атайын программаларды телекөрсөтүүдө жана радиодо чыгаруу | УТРК, Маданият министрлиги | 2008-жылдын аягына чейин | Мекемелердин атайын каражаттары, гранттар |
| 22 | МТРКда Кыргыз Республикасында адамдын укуктары жана эркиндиги жөнүндө ар жумалык берүүлөрдү чыгаруу | КР Омбудсмени, УТРК | 2008-жылдын сентябрь- декабры | Мекемелердин атайын каражаттары, грантгар |
| 23 | Адам укуктарынын Жалпы Декларациясынын кабыл алынышына арналган салтанаттуу жыйналыш өткөрүү | Уюштуруу комитети, КР Өкмөтү, КР Президент- инин Иш башкармалыгы | 2008-жылдын декабры | КР Өкмөтүнүн резервдик фонду |
