КР Өкмөтүнүн (Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясы кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилүү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-11.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 25-сентябры № 488-б "Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясын кабыл алгандыгынын 60 жылдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 29-майындагы № 187 Жарлыгына ылайык жана адам укуктарынын Жалпы Декларациясы кабыл алынгандыгынын юбилейин майрамдоонун маанисин эске алуу менен:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясы кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - План) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчы) (макулдашуу боюнча) Пландын иш-чараларын аткаруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо жүктөлсүн.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Пландын аткарылышын камсыздашсын;
- Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчы) ай сайын иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Планда каралган иш-чараларды бекитилген бюджеттин чектеринде каржылоону камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчы) менен бирдикте эл аралык уюмдар менен Планда каралган иш-чаралардын алар тарабынан каржыланышы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 488-б буйругу менен бекитилген
Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясын кабыл алгандыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу органы | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагы/ айрым статьялар боюнча - чыгымдардын суммасы миң сом менен |
|---|---|---|---|---|
| 1 | ПРООН жана башка эл аралык уюмдар менен адам укуктарынын Жалпы Декларациясы кабыл алынгандыгынын 60 жылдыгы боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн финансылык жардам берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | ТИМ | 2008-жылдын август-сентябры | |
| 2 | "Аялдарга жана жашы жетелектерге мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү | Юстиция министрлиги | 2008-жылдын августу | Учурдагы каржылоонун алкагында |
| 3 | Адам укуктарын коргоого арналган адабияттардын көргөзмөсүн өткөрүү | Маданият министрлиги, Улуттук китепкана | 2008-жылдын ноябры | Мекемелердин атайын каражаттары, гранттар |
| 4 | Адам укуктарын коргоонун жана анын абалынын проблемалары боюнча окумуштуулардын илимий иштеринин конкурсун өткөрүү | Билиммин, УИА, ЖОЖдор | 2008-жылдын декабры | Мекемелердин атайын каражаттары, грантгар |
| 5 | Балдардын каралбай калышы, балдардын эмгегин пайдалануу проблемалары, адамдын, аялдардын, үй-бүлөнүн ж.б. укуктары боюнча атайын фильм чыгаруу | МТРК, ЭлТР | 2008-жылдын сентябры | Учурдагы каржылоонун алкагында |
| 6 | Адам укуктарын коргоо проблемалары боюнча документалдык фильмдердин эл аралык фестивалын өткөрүү | КР Омбудсмени, коомдук уюмдар | 2008-жылдын октябрь-ноябры | 74800,00 |
| 7 | Адам укуктарын коргоо жагында Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү докладдарын БУУга берүү | ТИМ | Докладдады берүү графигине ылайык | Учурдагы каржылоонун алкагында |
| 8 | Адам укуктарын жана анын эркиндигин коргоо маселелери боюнча парламенттик угуулар | Жогорку Кеңеш | 2008-жылдын ноябры | Учурдагы каржылоонун алкагында |
| 9 | "Адам укуктары: реалдуулук жана келечектер" аттуу эл аралык конференцияны Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында уюштуруу жана өткөрүү | КР Президенти- нин Администрация- сы, КР Өкмөтү, Омбудсмен, эл аралык уюмдар | 2008-жылдын ноябры | Эл аралык уюмдардын эсебинен, КР Президен- тинин жана Өкмөтүнүн резервдик фонддорунун каражаттары |
| 10 | Адам укуктарынын Жалпы Декларациясынын тексти бар брошюраны кеңири жайылтуу үчүн чыгаруу | Маданият министрлиги, "Эркин Тоо" газетасы, Улуттук китеп палатасы | 2008-жылдын октябры | 100000,00 |
| 11 | "Конфессиянын диалогу - туруктуу коомго карай жол" эл аралык семинарын өткөрүү | Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет, СВМДА секретариаты | 2008-жылдын ноябры | 259500,00 |
| 12 | Адам укуктарынын Жалпы декларациясына арналган атайын студенттик илимий-практикалык конференция уюштуруу | Билиммин, Баласагын атындагы КУУ, КМЮА, ОшМЮИ, ОшМУ | 2008-жылдын ноябры | ЖОЖдордун атайын каражаттары |
| 13 | Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда Студенттердин укуктары боюнча ыйгарым укуктуу кызматтарды уюштуруу боюнча ишти уюштуруу | КР Омбудсмени, Билиммин, ЖОЖдор, коомдук уюмдар | 2008-жылдын сентябрь- декабры | 11000,00, ошондой эле эл аралык уюмдардын гранттары |
| 14 | "Терроризмге каршы күрөшүүдө мамлекеттин, коомдун жана бизнестин өнөктөш түзүү" аттуу региондук конференция өткөрүү | ТИМ, МУКК, ӨЭУ, эл аралык уюмдар | 2008-жылдын 5-ноябры | Эл аралык уюмдардын эсебинен |
| 15 | Адам укуктары боюнча диалог: Европа Союзу - Кыргыз Республикасы | ТИМ, КР Омбудсмени | 2008-жылдын ноябры | Эл аралык уюмдардын эсебинен |
| 16 | Европа Союзунун жана Кыргыз Республикасынын адам укуктары боюнча коомдук уюмдарынын семинары | ТИМ, Омбудсмен | 2008-жылдын 27-октябры | Эл аралык уюмдардын эсебинен |
| 17 | Адам укуктарын коргоо жагындагы тематика боюнча мектептик, студенттик иштердин, класстык сааттардын, лекциялардын конкурсун өткөрүү | Билиммин, ЖОЖдор, КР Омбудсменинин катышуусунда эл аралык уюмдар | 2008-жылдын декабрына чейин | Мекемелердин атайын каражаттары, гранттар |
| 18 | Адамдын жана жарандын укуктарын коргоо жагындагы тематика боюнча атайын адабиятты, колдонмолорду, усулдарды даярдоо жана чыгаруу | Билиммин, УИА, ЖОЖдор, эл аралык уюмдар | 2008-жылдын декабрына чейин | Эл аралык уюмдардын эсебинен |
| 19 | "Мен жана менин укуктарым" аттуу конкурсту балдар жана өспүрүмдөр арасында өткөрүү | Билиммин, облустук мамадминист- рациялар, эл аралык уюмдар | 2008-жылдын аягына чейин | Жергиликтүү мамадминис- трациялардын жана эл аралык уюмдардын бюджеттен тышкаркы фонддорунун эсебинен |
| 20 | Мектептик, студенттик жана илимий иштердин конкурсун жыйынтыктоо | Билиммин, КР Омбудсмени | 2008-жылдын ноябры | 20,0 |
| 21 | Адам укуктарын коргоо маселесине арналган атайын программаларды телекөрсөтүүдө жана радиодо чыгаруу | УТРК, Маданият министрлиги | 2008-жылдын аягына чейин | Мекемелердин атайын каражаттары, гранттар |
| 22 | МТРКда Кыргыз Республикасында адамдын укуктары жана эркиндиги жөнүндө ар жумалык берүүлөрдү чыгаруу | КР Омбудсмени, УТРК | 2008-жылдын сентябрь- декабры | Мекемелердин атайын каражаттары, грантгар |
| 23 | Адам укуктарынын Жалпы Декларациясынын кабыл алынышына арналган салтанаттуу жыйналыш өткөрүү | Уюштуруу комитети, КР Өкмөтү, КР Президент- инин Иш башкармалыгы | 2008-жылдын декабры | КР Өкмөтүнүн резервдик фонду |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы № 581-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан бөлүнүүчү каражаттар боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.11.2008 · № 581-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2008-жылдын 29-майындагы ПЖ № 187 "Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктарынын Жалпы Декларациясын кабыл алгандыгынын 60 жылдыгы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.05.2008 · № 187
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р