Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө Кайрымдуулук айына арналган төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүүшү боюнча) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 апреля 2012 года № 237 "О ежегодном проведении в Кыргызской Республике международных дней защиты детей, пожилых людейи инвалидов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-10.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 23-сентябры № 480-б Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, пенсионерлерге, жалгыз бой улгайган жарандарга, майыптарга, ошондой эле картаңдар жана майыптар үчүн жатак үйлөрдө жашагандарга даректүү колдоо көрсөтүү максатында:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери 2008-жылдын 1-октябрында Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө жана 2008-жылдын 1-октябрынан 2008-жылдын 1-ноябрына чейин Кайрымдуулук айына арналган төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылышсын:
- улгайган жарандардын кышка карата отун сатып алуусуна, турак-жайынын ремонтуна материалдык жардам көрсөтүү;
- тиричилик жактан акысыз кызмат көрсөтүү (бут кийимдерин оңдотуу, химиялык тазалоо, кирлерин кир жуугуч жайдан жуудуруп берүү, мончого түшүрүү, чачтарачтын кызматынан пайдалануу ж.б.у.с);
- өтө муктаж пенсионерлерди акысыз кайрымдуулук түштөндүрүү менен камсыздоо;
- тамак-аш продуктуларын, биринчи кезекте керектелүүчү товарларды арзандатылган чекене баада сатуучу жарманкелерди өткөрүү;
- саламаттык сактоо мекемелеринде акысыз медициналык консультация берүү акцияларын өткөрүү;
- өтө муктаж майып пенсионерлерди медициналык себептери бар болсо, жеке жылып жүрүүчү каражаттар (кресло-коляска) менен камсыз кылуу;
- театрдык-оюн-зоок иш-чараларга акысыз алып баруу.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын башчыларына төмөнкүлөр сунушталсын:
- аз камсыз болгон улгайган жарандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында кайрымдуулук акцияларын иштеп чыгуу жана өткөрүү;
- пенсионерлерди жана жарандык коомчулукту бириктире турган коомдук уюмдарды тартуу менен Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө даярданууга жана өткөрүүгө максималдуу көмөк көрсөтүү;
- тиешелүү аймакта жайгашкан жатак үйлөрдө алардагы майып пенсионерлерге өзгөчө көңүл бөлүп финансылык жардам, ошондой эле колдоонун башка түрлөрүн (тамак-аш продуктулары, отун, кийим-кече) көрсөтүү.
3. Кыргыз Республикасында кайрымдуулук иштерин жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактарга аз камсыз болгон улгайган жарандарга ар тараптуу (моралдык, материалдык, кайрымдуулук, тамак-аш ж.б.у.с.) колдоо көрсөтүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар карылар жана майыптар үчүн атайын мекемелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктерди жана компенсацияларды тиешелүү бюджеттер менен бекитилген каражаттардын чегинде өз убагында жана толук каржылоону камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясына жана облустук телерадио компанияларга облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө даярдыкты жана өткөрүлүшүн чагылдырууну уюштуруу сунушталсын.
6. Бул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.