# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябры № 479-б (Ош облусунун Ноокат шаарындагы "Бакыт Үйү" жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн имаратынын курулушу боюча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябры № 479-б (Ош облусунун Ноокат шаарындагы "Бакыт Үйү" жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн имаратынын курулушу боюча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 479-р
- Кабыл алынган күнү: 23.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7406/edition/507589/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябры № 479-б (Ош облусунун Ноокат шаарындагы "Бакыт Үйү" жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн имаратынын курулушу боюча) буйругу (23.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207034

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 23-сентябры № 479-б

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ош облусунун Ноокат шаарындагы "Бакыт Үйү" жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүнүн имаратынын долбоордук-сметалык документтерин атайын каражаттардын жана демөөрчүлүк жардамдын эсебинен даярдоону камсыздоого жана Ноокат шаар башкаруусунун 2008-жылдын 5-июнундагы № 22-5 токтому менен берилген жер участокто курулушун белгиленген тартипте ишке ашырууга уруксат берилсин.

2. Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн имараттын курулушу бүткөндөн жана пайдаланууга белгиленген тартипте кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануусу боюнча жыйынды реестрге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

Премьер-министр

И.Чудинов
