# КР Өкмөтүнүн2008-жылдын 19-сентябры № 474-б (Автомашина берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн2008-жылдын 19-сентябры № 474-б (Автомашина берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 474-р
- Кабыл алынган күнү: 19.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7402/edition/507581/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн2008-жылдын 19-сентябры № 474-б (Автомашина берүү боюнча) буйругу (19.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207030

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 19-сентябры № 474-б

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Эл-журт фондусунун (мындан ары - ЮНФПА) арызынын негизинде Кыргызстандагы ЮНФПА тарабынан грант түрүндө техникалык жардам катарында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине бериле турган, 2000-жылы чыккан, кузов № VSKTYUR 20U0439903, кыймылдаткыч № 0046233 "Ниссан-Террано II" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде белгиленген тартипте тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашинаны "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтому менен белгиленген лимиттин чегинде белгиленген тартипте балансына алуу сунушталсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
