# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы № 463-б (Камбарата-2 гидро электр станциясынын курулушу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы № 463-б (Камбарата-2 гидро электр станциясынын курулушу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 463-р
- Кабыл алынган күнү: 13.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7393/edition/507561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы № 463-б (Камбарата-2 гидро электр станциясынын курулушу боюнча) буйругу (13.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207020

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 13-сентябры № 463-б Камбарата-2 гидро электр станциясынын биринчи агрегатын ишке киргизүү боюнча курулушту жетиштүү көлөмдө каржылоону жана натыйжалуу курууну камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Камбарата-2 гидро электр станциясынын курулушу үчүн 2008-жылга бюджеттин сарптоо бөлүгүнөн 300,0 млн. сом суммада кошумча финансылык каражат тапсын;

- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
