# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-сентябрындагы № 454-б "Жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттар боюнча" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-сентябрындагы № 454-б "Жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттар боюнча" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 454-р
- Кабыл алынган күнү: 09.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207015>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7388/edition/507553/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207015.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-сентябрындагы № 454-б "Жергиликтүү бюджетке түшкөн каражаттар боюнча" буйругу (09.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207015

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 9-сентябры № 454-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-майындагы № 228 "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу боюнча уюштуруу чаралары тууралуу" калктын аз камсыз катмарына эмгек акы, пенсия жана жөлөк пул төлөөлөр боюнча чыгымдарды өз убагында каржылоого багытталган токтомуна ылайык жана 2003-2007-жылдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн республикалык бюджетти аткаруусуна аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын көрсөтмөсүн көңүлгө алып:

1. Бишкек шаарынын мэриясына жергиликтүү бюджетке резидент эместерден киреше салыгы жана "Алькантра Трейдинг" жоопкерчилиги чектелген коомунан пайдага салык түрүндө түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүп берилүүчү каражаттар боюнча 2003-2006-жылдарда түзүлгөн 384,3 млн.сом суммасында карызды, республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар боюнча 135,9 млн.сом суммасындагы карызды, чет өлкөлүк кредиттер боюнча 22,7 млн.сом суммасында мөөнөтү кечиктирилген карызды тындыруу эсебине жумшоо сунушталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "2008-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
