# КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 451-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 451-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 451-р
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7386/edition/531673/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 451-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча" буйругу (08.09.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207013

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 8-сентябры № 451-б Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тизмелери боюнча жакыр үй-бүлөлөрдү рыноктук баадан арзан ун менен толук камсыздоо максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктта:

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "- мамлекеттик резервден 2500 тонна аштык буудайдын данын брондон чыгарсын;"; үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- мамлекеттик резервден брондон чыккан 2500 тонна аштык буудайдын данын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругу боюнча брондон чыгарылган аштык буудайдын калдыгынан тартылган ундун эсебинен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин тизмелери боюнча бир үй-бүлөгө 25 кг эсепте ун облустарга, райондорго, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жеткирилишин камсыздасын;".

Премьер-министр

И.Чудинов
