КР Өкмөтүнүн «Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү бекитилүү боюнча» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 3-сентябры № 444-б Бишкек шаарында 2008-жылдын 1-4-сентябрында болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын экинчи отурумунун ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча кыргыз-санкт-петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Сулайманов Нурлан Чолпонбаевич - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Люлина Светлана Ивановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин тышкы экономикалык саясат башкармалыгынын региондук кызматташуу бөлүмүнүн начальниги;
комиссиянын мүчөлөрү:
Айдаров Оросбек Бактыкеевич - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары; Айткулов Медетбек Аширкулович - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Бешимов Аскар Жолчубекович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; Давыдов Ильяс Абдуллович - "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Джигитов Акбар Салижанович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; Жекшенов Бактыбек Жекшенович - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кадыркулов Алмазбек Апандиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; Кайыпов Нурмат Маратович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин үчүнчү катчысы; Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; Мураталиев Байымбет Молдалиевич - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары; Ниязбеков Темир Карыпбаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар жана инвестицияларды тартуу боюнча бөлүмдүн башчысы; Ошурахунов Талант - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясынын республикалык радио борборунун башкы менеджери - директордун жардамчысы; Сыдыкова Гульмира Ракыевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн эксперти; Табылдиев Тынычбек Табылдиевич - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин статс-катчысы; Тюменбаев Акылбек Рабаевич - Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б "Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгү…Распоряжение · 04.09.2007 · № 315 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б "Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын кыргыз бөлүгү…Распоряжение · 04.09.2007 · № 315 · Күчүн жоготкон