# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 3-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна өзгөртүү киргизүүсү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 3-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна өзгөртүү киргизүүсү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 3-р
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207001>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7374/edition/516007/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207001.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 3-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна өзгөртүү киргизүүсү боюнча) буйругу (10.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207001

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 10-январы № 3-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйрукка тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 3-б буйругуна тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругуна тиркеме

Ишкердик иш-аракетти жөнгө салуунун ченемдик

укуктук базасына оптималдаштыруу жүргүзүү

боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министри, комиссиянын төрагасынын орунбасары; Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орунбасары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги, комиссиянын катчысы.

Комиссия мүчөлөрү:

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин комиссарынын орунбасары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директорунун орунбасары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орунбасары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөр жайды, сооданы, туризмди, чакан, орто бизнести, транспортту, коммуникацияларды, курулушту жана архитектураны өнүктүрүү боюна комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын ишкерлер союзунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын Базарлар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын куруучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Менеджерлер ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстандын банктар союзунун президенти (макулдашуу боюнча); Бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча ЮСАИД долбоорунун директору (макулдашуу боюнча).".

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
