# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-январындагы № 4-б "Жыл сайын өтө турган «Зеленая неделя 2009» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн делегация жиберүү боюнча" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-январындагы № 4-б "Жыл сайын өтө турган «Зеленая неделя 2009» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн делегация жиберүү боюнча" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 4-р
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.01.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/207000>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-7373/edition/507519/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/207000.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-январындагы № 4-б "Жыл сайын өтө турган «Зеленая неделя 2009» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн делегация жиберүү боюнча" буйругу (13.01.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/207000

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 13-январы № 4-б 2009-жылдын 14-23-январында Берлин шаарында (Германия Федерациялык Республикасы) жыл сайын өтө турган «Зеленая неделя 2009» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн: Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда жиберилсин: Ногоев А.И.\* - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, делегациянын жетекчиси; Аалиев А.К.\* - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы; Абдыкеримов Ш.Ш.\*\* - «Кыргыз агроөнөр жай корпорациясы» ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча); Арабаев А.А.\* - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Ашимов Т.А.\* - «Райфайзинг» кооперативдерди өнүктүрүү фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Баатырбеков А.Б.\*\* - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Бакиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Германия Федерациялык Республикасындагы Толук жана Ыйгарымукуктуу элчиси; Масиров К.М. \* - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Пак Е.В.\* - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылыштыпайдалануу бөлүмүнүн эксперти; Сыйданов К.С.\* - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Шатманов К.А.\*\* - «Кыргызтамекиси» мамлекеттик акционердик корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча). Эскертүү:

\* делегация мүчөлөрүнүн баруусуна жана жашоосуна байланыштуу чыгымдар Герман техникалык кызматташтык коомунун эсебинен, суткалык чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнөт.

\*\* делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланыштуу чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.

Премьер-министр

И.Чудинов
