Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жыл сайын өтө турган «Зеленая неделя 2009» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн делегация жиберүү боюнча» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 13-январы № 4-б 2009-жылдын 14-23-январында Берлин шаарында (Германия Федерациялык Республикасы) жыл сайын өтө турган «Зеленая неделя 2009» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн: Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда жиберилсин: Ногоев А.И.* - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри, делегациянын жетекчиси; Аалиев А.К.* - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин статс-катчысы; Абдыкеримов Ш.Ш.** - «Кыргыз агроөнөр жай корпорациясы» ачык акционердик коомунун директору (макулдашуу боюнча); Арабаев А.А.* - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укугу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Ашимов Т.А.* - «Райфайзинг» кооперативдерди өнүктүрүү фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча); Баатырбеков А.Б.** - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Бакиев М.С. - Кыргыз Республикасынын Германия Федерациялык Республикасындагы Толук жана Ыйгарымукуктуу элчиси; Масиров К.М. * - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Пак Е.В.* - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылыштыпайдалануу бөлүмүнүн эксперти; Сыйданов К.С.* - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Шатманов К.А.** - «Кыргызтамекиси» мамлекеттик акционердик корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча). Эскертүү:
* делегация мүчөлөрүнүн баруусуна жана жашоосуна байланыштуу чыгымдар Герман техникалык кызматташтык коомунун эсебинен, суткалык чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнөт.
** делегация мүчөлөрүнүн катышуусуна байланыштуу чыгымдар «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлөт.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-январы № 4-б (Жыл сайын өтө турган "Зеленая неделя 2009" эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясы жиберү боюнча) буйругуРаспоряжение · 13.12.2009 · № 4-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин-министри 2009-жылдын 13-январы № 4 (Түлөгабылова Нуржан Мукашевна жөнүңдө) буйругу.Распоряжение · 13.01.2014 · № 4
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон