# Ош шаардык кенешинин 2014-жылы 28-майындагы №177 "Ишмердүүлүгүн акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашыруучу туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Ош шаардык кенешинин 2014-жылы 28-майындагы №177 "Ишмердүүлүгүн акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашыруучу туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 177
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/206999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-17366/edition/560134/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/206999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош шаардык кенешинин 2014-жылы 28-майындагы №177 "Ишмердүүлүгүн акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашыруучу туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары жөнүндө" токтому (28.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/206999

---

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ

(III чакырылыш)

2014-жылы 28-майы №177 Ишмердүүлүгүн акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашыруучу туруктуу депутаттык комиссиялардын төрагалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктуна ылайык, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жана бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагалары ишмердүүлүгүн акы төлөнүүчү негизде алып барышсын.

2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.

4. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ош шаардык Кенешинин төрагасы:

У.Примов
