КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын „2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө“ 2015-жылдын 15-октябрындагы № 173 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 27-октябры № 175 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө" 2015-жылдын 15-октябрындагы № 173 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
- К.Т.Зулушевдин көзөмөлдөө тартибиндеги даттануусун 2015-жылдын 23-октябрындагы ЖИ № 05-2226/15 канааттандыруу жөнүндө;
- М.Р.Туманбаевнын көзөмөлдөө тартибиндеги 2015-жылдын 23-октябрындагы ЖИ № 05-2221/15 даттануусун канааттандыруу жөнүндө;
- Ж.А.Саматовдун көзөмөлдөө тартибиндеги 2015-жылдын 23-октябрындагы ЖИ № 05-2227/15 даттануусун канааттандыруу жөнүндө;
- А.Т.Абжалиевдин көзөмөлдөө тартибиндеги 2015-жылдын 22-октябрындагы ЖИ № 05-2222/15 даттануусун канааттандыруу жөнүндө;
- Ж.А.Исмаилованын көзөмөлдөө тартибиндеги 2015-жылдын 22-октябрындагы ЖИ № 05-2223/15 даттануусун канааттандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтомдоруна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44, 45-беренелерин жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө" 2015-жылдын 15-октябрындагы № 173 токтомундагы № 2 тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Республика - Ата-Журт" саясий партиясынан шайланган депутат деп табылган тизмесинен төмөнкүлөр чыгарылсын:
- Ибраимжанов Болотбек Сапарбаевич;
- Рысалиев Зарылбек Кылычбекович;
- Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович;
- Маматалиев Марлен Абдырахманович;
- Келдибаев Сагындык Ашыралиевич.
- "Республика - Ата-Журт" саясий партиясынын шайланган депутаттардын тизмесине төмөнкү талапкерлер киргизилсин:
- Зулушев Курманкул Токторалыевич - саясий партиянын тизмесиндеги № 8 катар номерине;
- Туманбаева Рада Мураталыевна - саясий партиянын тизмесиндеги № 13 катар номерине;
- Саматов Жыргалбек Алимбаевич - саясий партиянын тизмесиндеги № 14 катар номерине;
- Абжалиев Алиярбек Токобекович - саясий партиянын тизмесиндеги № 15 катар номерине;
- Исмаилова Аида Жекшенбаевна - саясий партиянын тизмесиндеги № 16 катар номерине.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө" 2015-жылдын 15-октябрындагы № 173 токтомуна киргизилген өзгөртүүлөр бекитилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 1
Документ шилтеме берген актылар (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 15-октябрындагы № 173 "2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 15.10.2015 · № 173
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-октябрындагы № 177 токтомунун 1-пунктун…Постановление · 07.12.2015 · № 193 · Күчүн жоготкон