Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Таш-Комур шаардык Кенешинин “Шаардык мэриянын 24.04.2014-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө Жобосун бекитип берүү” тууралуу № 03-1/575 кайрылуу каты жөнүндө» токтому
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ
XXVI- чакырылышы кезексиз 17 – сессиясы
2014-жылы 7-майы №6 “Шаардык мэриянын 24.04.2014-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө Жобосун бекитип берүү” тууралуу № 03-1/575 кайрылуу каты жөнүндө» Шаардык мэриянын 24.04.2014-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө Жобосун бекитип берүү” тууралуу № 03-1/575 кайрылуу каты боюнча шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү М.Кылыевдин маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXVI- чакырылышынын кезексиз 17-cессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 24.04.2014-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө Жобосун бекитип берүү” тууралуу № 03-1/575 кайрылуу каты боюнча шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү М.Кылыевдин маалыматы эске алынсын.
2. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын резервдик фонду жөнүндө Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
3. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы:
Кулдышев М.С.
Таш-Комур шаардык мэриянын резервдик фонду жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жобо
2. Резервдик фонддун эсеп-кысабы
3. Резервдик фонддун акча каражаттарын пайдалануунун тартиби
4. Резервдик фонддун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1.1. Таш-Комур шаардык мэриянын резервдик фонду (мындан ары - резервдик фонд) боюнча чыгым жыл сайын жергиликтуу бюджеттен каралат.
1.2. Таш-Комур шаардык мэриянын резервдик фонду ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык жургузулот.
2. Резервдик фонддордун эсеп-кысабы
Таш-Комур шаардык мэриянын резервдик фонду жергиликтуу бюджеттин эсебинен мэриянын эсеп-кысабы, учету аркылуу жургузулот.
3. Резервдик фонддун акча каражаттарынпайдалануунун тартиби
3.1. Резервдик фонддон бөлүнгөн бюджеттик каражаттар шаардын мэринин буйругуна ылайык ушул Жободо каралган максаттарга пайдаланалууга тийиш.
3.2. Республикалык бюджетте турган мекемелер, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу мекемелер да резервдик фонддун каражаттарын алуучулар болушу мүмкүн.
3.3. Резервдик фонд шаардагы жүргүзүлүүчү жергиликтуу бюджетти түзүүдө жана бекитүүдө эсепке алынбаган экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чаралар боюнча болжолдонбогон чыгашаларды жабуу үчүн түзүлөт жана төмөнкү максаттарга пайдаланылат:
- майрам күндөрдө расмий иш-чараларды өткөрүүгө;
- шаардагы Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, Афган согушунун жана Баткен окуясынын катышуучуларына, Чернобыль апаатынын катышуучуларына, Апрель революциясынын жана каргашалуу июнь окуясынын катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, баатыр энелерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ВИЧ/СПИДке чалдыккан адамдарга жана наристелерине, калктын жакыр катмарларына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- шаардын аймагында жайгашкан социалдык-маданий жана административдик объекттерди курууга, оңдоого жана материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- шаардын масштабында расмий даталарга арналган иш-чараларды өткөрүүгө;
- кесиптик майрамдарга байланыштуу эмгек сиңирген кызматкерлерди сыйлоого;
- табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана жоюу боюнча маселелерди ыкчам чечүүгө;
- шаардын калкынын жакыр катмарына финансылык жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук марафондорун өткөрүүгө;
- спорттук жана маданий иш-чаралардын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерине финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон, бул шаардын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын белгилүү инсандарына бир жолку финансылык колдоо көрсөтүүгө;
3.4. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
- коммерциялык максаттарга же пайда алып келүүчү иштерге;
- өкмөттүк эмес уюмдарды күтүүгө жана ишин камсыз кылууга;
- бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн көбөйтүүгө;
- облуста жана райондо өткөрүлүүчү мааракелерди, тойлорду жана башка оюн-зоок иш-чараларды уюштурууга.
4. Резервдик фонддун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн тартиби
4.1. Резервдик фонддун акча каражаттарын эсепке алуу мэриянын эсеп учету жана тийиштуу мекеме-ишканалар аркылуу жүргүзүлөт.
4.2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы N 224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык каражаттарды жыйынтыктоочу отчет түзүлөт.
Аппарат жетекчи
Т.Конкобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №224 "Бюджеттик мекемелерде бухгалтердик эсепти уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 224 · Күчүн жоготкон